Ишкерге куралдуу кол салынып, 100 миң долларын алып качышты

Кара-Суу районунда ишкерге куралдуу кол салуу болуп, анын уулуна карай ок чыгарышып, 100 миң доллар салынган баштыгын белгисиз кишилер алып кетишти.

Окуя 26-декабрь күнү акча алмаштыруучу жайды иштеткен Кызыл-Шарк айылынын 47 жаштагы тургуну 24 жаштагы уулу менен Хендай Соната үлгүсүндөгү унаа менен бара жатышканда орун алган. Алардын артынан СсанЙонг Муссо үлгүсүндөгү унаа кууп келип, ишкер отурган унааны сүзүп токтотуп, жолдун четине чыгарган. Унаадан түшкөн 3 белгисиз эркек киши ишкердин уулунун бутуна ок чыгарышкан. Алар кара бет кап кийип алганы айтылууда. Кийин арткы орундукта 100 миң доллар салынган баштыкты алып, кылмышкерлер из жашырып кетишкен.

Учурда кол салгандарды кармоо боюнча оперативдүү иш-чаралар жүрүүдө.