«Ишеничтен кетти». УКМК бүгүн кармаган салыкчы кызматтан бошотулду

Биринчи Май райондук салык органынын начальниги ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

«Кызматтан бошотууга пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалышы негиз болду»,- деп айтылат Салык кызматы тараткан маалыматта.

Бүгүн, 31-мартта УКМК Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Б.Т.Т. ишкерлерден системалуу түрдө акча алуу фактысы менен кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдаган.