Ишкерлердин миллиондорун «шыпырып кетишкен». Бишкекте телефон алдамчылары кармалды

Телефондон башка жарандарды алдап, акчаларын «шыпырып» кетип жүргөн адамдар тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шылуундар курмандыктарын интернеттен табышчу.

Ишкерлер кандайдыр-бир товарларды сатуу же сатып алуу үчүн интернетке, анын ичинен Lalafo тиркемесине жарыя жайгаштырышат. Бул учурдан пайдаланып, алдамчылар сатып алуучуну алдоого аракет кылышат.

Айрым учурларда сатуучу жана сатып алуучу менен алдамчылар байланышып, пайдалуу келишимди сунушташат. Бул учурда ишкерлер алданып жатканын түшүнбөй, мындай телефон чалуулардын торуна түшүшөт. Телефон алдамчылары сүйлөшүүдө сатып алуучуну төлөөгө, ал эми сатуучуну товарды берүүгө мажбурлоого аракет кылышат. Качан гана бөлөк электрондук капчыкка же эсепке акча каражаты которулганда, алар тез арада жок болуп кетишет. Башка учурларда алдамчылар келишим түзүп келүү үчүн курьерлерди жөнөтүшөт.

«Жакында арыз менен шаардын тургуну (аял киши) кайрылып, февралда өзүн алдап, олуттуу материалдык чыгым келтирген белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү суранды. Телефон алдамчысы 30 тонна кумшекерди жеткирип берем деген шылтоо менен анын 1,6 миллион сомдон ашык каражатын ээлеп алган. Ушундай эле арыз менен 2020-жылдын декабрында дагы бир ишкер кайрылган. Ал интернет аркылуу кумшекер сатып алам деп жатып, 1,2 миллион сомун алдаткан. Жогорудагы эки окуяда тең алдамчылар кадимкидей келишим түзүп, акчаны алып келүүгө курьер жөнөтүшкөн«, — деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 12-мартында ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жогорудагы фактыларга тиешелүү болгон кылмыштуу топту кармашты.  бул иштерди уюштурган жаран Ысык-Ата районунун 41 жаштагы тургуну Закир Юсуров экени аныкталды. Учурда ал мурда жасаган алдамчылык иш-аракеттери үчүн абакта  жазасын өтөп жатат.

Андан сырткары акча каражаты үчүн келип жүрүшкөн курьерлердин дагы өздүгү аныкталды. Алар Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну Рамазан Блазов жана 29 жаштагы тургуну Рамиль Искаков.

Иликтөөнүн алкагында шектүүлөрдүн жашаган жерлерине тез арада тинтүү жүргүзүлүп, бир нече уюлдук телефондор, сим карталар, кастет, бычак, темир дубинка, кара түстөгү капчык, башка жарандарга тиешелүү болгон айдоочулук күбөлүк жана банктык карточка табылган.

Болжолдуу алдын ала маалымат боюнча жогоруда аты аталган жарандар алдамчылык жол менен табылып алынган миллиондогон акчаларды электрондук капчыкка которуу менен З.Юсуровго жөнөтүп турушкан. Өздөрүнө болсо акча каражаттарынын аз бөлүгүн алып келишкен.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жогоруда аты аталган шектүүлөрдүн телефон алдамчылдыгына тиешелүү болгондугу жөнүндө кандайдыр-бир башка маалыматтарды билген жарандардан 0312 2660150312 266261 телефон номурларына кабарлап коюуну өтүнөт. Купуялуулукка кепилдик берилет.