Иштеп жаткан аттракциондон кулаган кыз. Шектүү кармалды

Панфилов сейил багындагы окуя боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

31-март күнү Биринчи Май районунун аймагында жайгашкан Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканалардын бирине жеткирилген.

Аталган окуя боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.