«Ишти жабууга 160 миң доллар». Депутат Жумалиевден акча талап кылган адам кармалды

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар акча талап кылышканы айтылууда. Акча талап кылган адам өзүн жогорку кызматтагы адамдын жардамчысымын деп тааныштырып, андан ары кызматын сунуштаган. Ал Финполго жаңы дайындалган башчынын орун басары аркылуу депутатка карата ачылган кылмыш ишин жаап берем деген. Кечээ, 20-декабрда ал адамга 2 миң доллар берилип жаткан учурда акча талап кылган жаран укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган.

Депутаттын жактоочусу кармоо болгонун тастыктаганы менен тергөөнүн кызыкчылыктарынан улам кенен маалымат берүүдөн баш тарткан.