«Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмга жарандары тартуу үчүн Сириядан келген жаран кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

14-августта УКМК тарабынан жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаранын жүрүшүндө, Баткен облусунун 994-жылы туулган тургуну кармалган.

Кармалган адам 2016-жылы (Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган) «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун бандиттик түзүлүштөрү тарабындагы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Сириядагы куралдуу чыр-чатактар зонасына кеткен.

Террордук топтун катарына жалдоочуларды тартуу жана андан ары анын айрым мүчөлөрүн Сирия менен Ооганстанга  өткөрүп берүү максатында «Ислам мамлекети» Эл аралык террористтик уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасына келген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.