Исламбек Матраимов менен Руслан Матраимовго сот өкүмү чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Исламбек жана Руслан Матраимовдорго өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук сотунан билдиришти.

«Соттун 16-августундагы өкүмү менен Исламбек Матраимов Жазык кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 218-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ал боюнча мамлекеттин эсебине 50 миң сом айып салынган. Руслан Матраимов Жазык кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 218-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ал боюнча мамлекеттин эсебине 50 миң сом айып салынган», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, тергөө маалында айыпталуучулар прокуратура менен күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүшкөн.

«Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинин талаптарына ылайык, (күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо), адам күнөөнү мойнуна алуу боюнча келишим түзгөндө жана келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөгөндө, сот адам күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу өлчөмүнүн чегинде эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындайт. Эгерде берененин санкциясында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалар жок болсо, адамды күнөөлүү деп тапкан берене менен каралган эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын эң төмөнкү мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес мөөнөткө дайындалат»,— деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовго сот өкүмү чыккан.

«Кара-Суу райондук сотунун 2024-жылдын 11-июндагы өкүмүнүн негизинде Тилек Матраимов Жазык кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык мөөнөткө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 1 миллион сом айып салынган. Ош облустук сотунун 6-августундагы өкүмүнүн негизинде Жазык кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен айыпталуучуга карата Кылмыш-Жаза кодексинин 79-беренесинин 1-бөлүгүн (күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо) колдонуу менен мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өндүрүлгөн. Облустук соттун өкүмүнө нааразы тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанууга укуктуу»,- деп айтылган маалыматта.

Ал эми Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов дагы 2 айга камакта калтырылды.