Итин кол салуудан коргогон Эрлан Темирбеков жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Бишкек шаарынын тургуну өз итин кол салуучулардан коргогондугу үчүн жети жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу «Боорукер колдор» (Добрые руки) фонду билдирди.

Мекеменин айтымында, итин коргогон Бишкек шаарынын тургуну Эрлан Темирбеков өзүнүн үй жаныбарын  УКМКнын мурдагы Ч.М.К. аттуу кызматкеринен  кол салуусунан коргогондугу үчүн тергөө абагында жатат.

Маалыматка ылайык, «арткы бутун жана жамбашты калыбына келтирүү боюнча жакында эле ири операция жасалган итти УКМКнын мурдагы кызматкери тээп жиберген. Ал эми иттин ээси Эрлан Темирбеков колунда кол жарыгы (фонарик) болгондуктан кокусунан УКМКнын мурдагы кызматкерине тийгизип алган»,-деп билдиришти фонддон.

Бирок тергөө учурунда ал фонарик ден-соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган курал катары бааланган. «Азыр тергөө Эрлан Темирбековдун жеке процесстик укуктарын бузуулар менен жүргүзүлгөнүнө карабастан, иш сотко жөнөтүлүп жатат. Ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн»,-деп белгилешти фонддон.