Итке ырайымсыз мамиле кылган жаран тергөөгө жеткирилди

Социалдык тармактарда атчан адам итке ырайымсыз мамиле жасап, аны такымына басып алып, улак кылып чаап жүргөн видео тараган.
Бул факты Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогорудагы видеодогу жаран такталган.
Кечээ, 15-августта Өзгөн районунун жашоочусу 1972-жылы туулган Ж.Ж. жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, суракка алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.