«Иттер кемирип салган». Орто-Сай айылында эркек кишинин жансыз денеси табылды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында иттер кемирип салган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 3-ноябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, зордук-зомбулуктан каза болгондордун белгилери болгон эмес. Милиция тергөөгө чейинки текшерүүнү баштап, анын алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.