«Иттик бизден кетти». Көчөдө кетип бара жаткан кызды эч себепсиз сөккөн блогер милицияга жеткирилди (видео)

Бүгүн, 27-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан Ош шаарына 2001-жылы туулган жаран жеткирилди. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

25-мартта блогер Азамат Ормокеев анын үстүнөн арыз менен кайрылып, анын Ош шаарынын Достук көпүрөсүндө бейтааныш жарандын башка кызга карата одоно уят сөз айткандыгы боюнча иликтөөгө алып, ал жигитке мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Ушундай эле мазмундагы арыз менен 26-мартта 2002-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылып, аны 25-мартта Достук көпүрөсүнөн өтүп бара жатканда белгисиз жаран видеого тартып, уят сөз айткандыгын, аны кийин интернеттен, видеодон көргөндугун билдирип, бул жаранга карата чара көрүүнү суранган. Жаран ыкчам кызматкерлер тарабынан Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди. Анын кыймыл-аракетине юридикалык баа берилет.