Издөөдө жүргөн эл аралык террордук топтун мүчөлөрү кармалды

УКМК тарабынан радикалдуу диний агымдардын жактоочуларынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы колдоочуларды тартуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасаган эл аралык террордук топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар, издөөдө жүргөн жарандар, анын ичинде коңшу мамлекеттердин жарандары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) жана 256-беренеси (Кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кечээ, 19-июнда Бишкек шаарында ЭТУнун издөөдө жүргөн мүчөлөрү жана алардын байланыштары жашаган жерлери боюнча, санкцияланган издөө иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экенин көрсөткөн, чет мамлекеттердин айрым жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүрүшү боюнча материалдар алынды, ошондой эле мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдар диний билимге тартылып, мыйзамсыз иштеп жаткан хужранын ишмердүүлүгү аныкталды.

Учурда алардын бири М.У.Н. аттуу жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, калган адамдарга карата тергөө жана ыкчам иш-чаралары улантылууда.