Издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалды (видео)

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында, 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны Имамидин Ташов кармалды.

Тактап айтканда, Имамидин Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды.

Буга чейин УКМК тарабынан ал коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлерин бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга чакырганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Издөөдө жүргөн Ташов бийликти басып алуу максатында калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.