Жаандан улам Жалал-Абадда 74 үйдүн короо-жайын суу каптады

Кечээ, 15-март күнү саат 11:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам кокту-колоттон чогулган суу Жаңы-Базар, Курулуш, Кара-Ой айылдарындагы 74 турак үйдүн короолорун каптап, анын ичинен 1 турак үйгө суу кирип, 11 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Аталган жайга 5 куткаруучу жана жарандык коргоону кызматтарынан 74 адам тартылып, суунун нугу бурулуп, мотопомпанын жардамы менен короого толгон суу сордурулган. Бүгүн, 16-мартта да суунун нугун буруу иштери уланууда.