«Жабыркагандар жок». Бишкектен Ошко учкан учак авариялык жагдайдан улам кайра конду

Кечээ, 4-майда саат 18:17де «Манас» эл аралык аэропортунда Бишкек-Ош багыты боюнча учкан Avia Traffic авиакомпаниясынын учагы авариялык конууга мажбур болду. Учак «Манас» аэропортунан график боюнча учуп, бирок 10 мүнөттөн кийин авариялык конууга мажбур болгон.
Алдын ала белгиленген себеп: учактын кыймылдаткычтарынын бирине канаттуу куш тийген. Жүргүнчүлөр аэропорттун стерилдүү аймагына жайгаштырылган. Жабыркагандар жок. Учурда учакты техникалык адистер текшерип жатышат.