«Жабыркагандар жок». Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-августта саат 7:10до Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Аксы районунун Кум айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.