Жабыркагандар жок. Токмоктон чыккан ири өрт өчүрүлдү

Токмоктун четинен кечээ чыккан тилсиз жоо 27-ноябрга караган түнү саат 00:41де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Токмок шаарына жанаша жайгашкан мамлекеттик “Заказник” жаратылыш аймагында кечээ, 26-ноябрда өрт чыккан. Бул аймакта шамал болуп тургандыктан, өрт жайылып, бир топ аймак өрттөнгөн.

Жеринде кайрадан өрт чыгып кетүүсүнө жол бербөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Чүй райондук ӨК бөлүмүнөн 6 куткаруучу, 1 көчмө насостук станция жана АР-2 техникасы менен нөөмөткө калып, көзөмөл жүргүзүүдө.