«Жабыркагандар жок». Ысык-Көлдө сел жүрдү (сүрөт)

Бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балакчы шаары жана Тоң районунун Кескен-Бел ашусу, Кара-Талаа, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, селдин кесепетинен турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толуп калган. Азыркы учурда Балыкчы шаардык бөлүмдөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң райондук бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандар катталган жок.