Жабырлануучу: «Сот 1 миллион сомдук зер буюмдарды уурдоого шектелген кызды үй камагына чыгарып жибериптир» (видео)

«Күмүш саткан дүкөндөгү 1 миллион сомдук зер буюмдарымды уурдоого шектелген кызды үй камагына чыгарып жиберишиптир. Сот эмне үчүн мындай чечим чыгарганын эч ким билбейт?». Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине дал ошол жабыркаган аял кайрылып, Чүй облустук сотуна нааразы экенин билдирди.

Анын айтымында, окуя Кара-Балта шаарында 14-апрелге караган түнү болгон. Анда 2 кыз жана 3 бала аталган шаардагы зергер дүкөнүнө кирип, 1 миллион сомдук зер буюмдарды уурдап кетишкен. Бишкекке келишип, уурдаган зер буюмдарды сатып жиберишкен.

«Бул боюнча милицияга кайрылганбыз. Алар тергөө иштерин жүргүзүп, материалдарды сотко өткөрүп беришкен. Кылмышка башында 1 кыз, 1 бала шектелип жаткан. Калган 3 адам күбө катары сурак берип жатышкан. Бирок кармалган бала тигилердин да катыштыгы бар экенин билдирген. Кылмышка шектелген кызды тергөө абагына киргизишкен эле. Бирок 1,5  айдан кийин анын ата-энеси Чүй облустук сотко кайрылып, кызын чыгарып кетишиптир. Анын үй камагына чыкканын эмнеге эч ким билбейт? Үй камагына чыгарууга бир жүйө керек эле да?! Биз соттун акыйкат чечип берүүсүн талап кылабыз»,— дейт жабырлануучу.