Чүйдөгү мечитке тапанча менен кирип, ок аткан делген 63 жаштагы киши үй камагына чыгарылды

Чүй районундагы мечиттердин бирине кирип, колундагы куралын анын ичиндеги кишиге такап, аны коркутуп мечиттин дубалын каратып, эки ирээт ок чыгарып, кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткен делип Чүй ОИИБ тарабынан кармалган 63 жаштагы киши үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, арыз ээси жаракат албагандыктан шектүүгө карата тосмо арыз жазган.

«Жабырлануучу тарап эч кандай жаракат албаганын жүйө келтирип, тосмо арыз жазды. Анын үстүнө шектүү жашаган жеринен маалымдама, мүнөздөмө алып келген. Сот кечээ, 18-июнда анын баш коргоо чарасын карап, тосмо арыз менен шектүүнүн улгайган жашын эске алуу менен тергөө иштери бүткөнгө чейин 63 жаштагы кишини үй камагына чыгарды», — дешти алар.