Жайлоодогу жылкыларды уурдоого шектүүлөр кармалды

Жайлоодо жылкылар уурдалган. Шектүүлөр Москва районунда кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга жаран арыз менен кайрылган. Арызында 2022-жылдын август айында Кара-Суу жайлоосунан жарандар үч баш жылкысын уурдап кетишкенин билдирген. Аталган окуя боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 1977 жана 1995-жылы туулган жарандар кармалып убактылуу кармоо
жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.