Жайыл районунда издөөдө жүргөн жаран кармалды

Жайыл районунда издөөдө жүргөн жаран кармалып, анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Бул туурасында Чүй облустук ИИББден билдиришти.

2020-жылдын сентябрь айында 1998-жылы туулган жаран уурулук кылмышына шектелип кармалып, сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаган соң, материал соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок ал үй камагында болгондугуна байланыштуу сот отурумдарына катышпай, жашаган жеринен качып кеткен. Жайыл РИИБи тарабынан жогорудагы жаранга издөө жарыяланып, жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында качып жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүү жаран Жайыл районунун аймагындагы дагы төрт уурулук фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.