13-июнь күнү саат 21:30 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ак-Башат айылындагы Кучкач-Ата көчөсүндө жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
Тергөө иштеринин алкагында унаанын айдоочусу, 1994-жылы туулган Р.Б. убактылуу кармоо жайына киргизилди. Кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда жабыркагандардын, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн көрсөтмөлөрү алынууда, айдоочунун айдоочулук күбөлүгүнүн бар-жогу, унаанын техникалык абалы жана тиешелүү документтер текшерилүүдө. Бул иш боюнча тергөө иштери Ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун ИИББнын жетекчилигинин көзөмөлүндө. Тергөө улантылууда.