Кара-Балтада 49 жаштагы кишини башка атып кетишкен

Жайыл районунда башына ок тийип өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-декабрда саат 07:48 чамасында милицияга Кара-Балта шаарынын Западный кварталында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы жѳнүндѳ маалымат түшкөн. Милиция жерине барып, гаражда 1973-жылы туулган жарандын баш жагына ок атылып, өлгөн жансыз денеси табылган. Аталган факты Жайыл РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда иш боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүдө. Учурда тергөө амалдары улантылууда.