Жайылда айылдашы менен урушкан жаран ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

Жайыл районунда ден соолукка оор залал келтирген деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-ноябрда саат 23:30 чамасында Сосновка айылында 1995-жылы туулган жаран менен 1997-жылы туулган жарандын ортосунда уруш чыккан. Кесепетинен 1995-жылы туулган жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1997-жылы тиуулган жаран кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды. Тергөө уланууда.