Жайылда аял кишини токмоктоп өлтүрүүгө кошунасы шектелип кармалды

26-март күнү Жайыл районунда милицияга телефон чалуу болуп аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы милиция кызматкерлери окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ал 1958-жылы туулган жаран экендиги такталган жана анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1981-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган. Шектүү менен маркум коңшулар болгон жана жаңжал учурунда бири экинчисин уруп жиберген. Аял алган соккудан каза болгон. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.