Жайылда көчөдө мушташкан өспүрүмдөр милицияга жеткирилди

Жайыл районунда бейбаштык кылган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-августта кечки саат 23:40 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө балдардын мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Жайыл РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, бул окуя боюнча 2007-жылы туулган 2 өспүрүм кармалып, Жайыл РИИБге жеткирилген. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.