Жайылда ооруканада каза болгон кыз. Милиция териштирүү иштерин баштады

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова Жайылда ооруканада 6 жаштагы кыздын каза болгонун билдирген.

Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашеванын айтымында, кыз ооруканага 14-январда түшкөн жана салмагы 12 килограмм гана болгонун айткан.

Окуя боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, 15-январда Жайыл РИИБге ооруканадан маалымат түшкөн. Анда 2016-жылы туулган жарандын жандандыруу бөлүмүндө каза болгону айтылган. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Учурда окуянын бардык жагдайдары текшерилип жатат.