Чүй облусунун Жайыл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген «Орленок» балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«1994-жылы Жайыл районунун айрым кызмат адамдары жалпы аянты 41200 чарчы метрди түзгөн Боксо-Жол айылынын аймагында жайгашкан «Орленок» балдар лагерин жеке жакка мыйзамсыз чыгарууга көмөктөшкөн», — деп билдирет УКМК.
Кийинчерээк аталган лагерь эс алуу жайына айландырылган. Маалыматка ылайык, аталган объекттин ээси мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, аны Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.