Жактоочу: «6 жыл мурда 78 жаштагы аял кошунасы тарабынан зордукталган. Иш азыркыга чейин бүтө элек»

«Сезим» кризистик борборунда 2016-жылдан бери келе жаткан бир иш бар. Мен бул ишке 2022-жылдын апрель айында кириштим. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында жактоочу Тилек Токтакунов билдирди.

«Окуя Аламүдүн районунун Арашан айылында болгон. 2016-жылы 78 жаштагы аял кишини 1983-жылы туулган кошунасы зордуктаган. Бул ишке ушул жылы кириштим. 2018-жылы Аламүдүн райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылган, ошол эле учурда айыпкер тарап доо арыз менен кайрылып, ишти кайра прокуратура сураткан. Себеби жабырлануучу ошол учурда инфекциялык оору менен ооруп калган. Прокуратура суратып алып, иш ушул күнгө чейин бүтпөй жатат. Бул боюнча 3 жолу кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган, бирок мыйзамсыз деп табылган. Апрель айында кайра карала баштады, бирок 3 ай өтсө да иш боюнча тергөө амалдары жүрө элек», — деди ал.