Жактоочу: «Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы бүгүн же эртең каралат»

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин баш чоргоо чарасы бүгүн же эртең каралат. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, министр саат 9дан бери Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгында. «Кечээ мамлекеттик жактоочу катышты, бирок ага эч кандай документ беришкен жок. Бизди да киргизбей жатышат. Эмнеге айыпталып жатканын, тергөөнүн кайсы стадиясында экенин билбейбиз. Биз азыр күтүп жатабыз», — деди ал.