Жактоочу: «Клара Сооронкулованын саламаттыгы кескин начарлап, ооруканага жаткырылды»

«Клара Сооронкулованын саламаттыгы кескин начарлап, ооруканага жаткырылды. Бул аптада ага операция жасалат. Камакка алуу, ачкачылык жарыялоо анын ден соолугуна терс таасирин тийгизгенин көрсөттү». Бул тууралуу Конституциялык палатанын мурдагы судьясынын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Клара Сооронкулова Кемпир-Абад иши деп атыккан массалык камоолордун алкагында кармалган.