Жактоочу: «Мадумаровдун ден соолугунун абалы оор»

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ден соолугунун абалы оор. Бул тууралуу адвокат Майрамбек Жумабеков 13-ноябрда билдирди.

«Ал бүгүн соттук отурумда болуп, кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты», — деди Жумабеков.

Саясатчынын бир тууганы Рахил Мадумарова сотторго кайрылып, анын ден соолугун эске алууну суранды.