Жактоочу: «Прокурор Болот Темировду 5 жылга эркинен ажыратууну суранды»

Бүгүн, 21-сентябрда прокурор Болот Темировду кылмыш иши боюнча айыптуу деп таап, 5 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алып кетүүнү сурады. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Биз, Темировдун адвокаттары, коюлган айыптар боюнча аны толук актоону сурадык. Себеби Темировго карата иштер ойдон чыгарылып токулган деп эсептейбиз. Эртең жарыш сөз менен төртүнчү адвокат сүйлөйт. Андан соң судья Акылбек Адимов кеңешүүчү бөлмөсүнө кетет. Бөлмөдөн чыгып өкүмдү угузат», — деди ал.