Жактоочу Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын кармалганын айтты

Абактагы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалганын анын адвокаты Разак Ашимбаев журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, Алимбаеваны УКМКнын кызматкерлери суракка деп алып кетишкен. Адвокат анын тергөө абагына киргизилгенин кечки саат 8ге жакын укканын, ага чейин байланыша албаганын, ал кайсы иштен улам камалганы белгисиз экенин билдирген.

УКМК азырынча маалымат бере элек.