Жактоочу Равшан Жээнбековдун жубайынын кармалышынын чоо-жайын айтып берди

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Разак Ашымбаев билдирди.

Анын айтымында, Салкын Алимбаева коррупция беренеси боюнча айыпталууда. «Тактап айтканда, атайын кызмат аны Бишкек мэриясынан жер тилкелерин мыйзамсыз алууга катыштыгы бар деп эсептейт. Андан сырткары, ал өзү да жер тилкелерин мыйзамсыз алган имиш», — деди ал.

Кечээ, 25-майда Кемпир-Абад иши деп атыккан маселенин алкагында камакта кармалган Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын кармалганы айтылган