Жактоочу Самат Матцаковдун кармалышы боюнча УКМК маалымат берди

Жактоочу Самат Матцаков кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмышты жашыруу максатында алдамчылык жана документтерди жасалмалоо боюнча коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында жактоочу кармалган. Тактап айтканда, Самат Матцаков жактоочулук кесиптик ишин жүргүзүү менен сот органдарынын кызмат адамдары менен байланышы бар деп айтылган ишенимге кирип, 22 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган.

Ошону менен бирге бул кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө башка кылмыш аныкталып, документтештирилген, тактап айтканда адвокат өзүнүн кылмышын жашыруу максатында жасалма документтерди жасаган, буга байланыштуу Башкы прокуратурасы тарабынан экинчи кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында анын кылмыш жосундарына катыштыгынын далилдери документтештирилген. Мындан улам, 30-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен адвокат УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.