Жактоочу: «Теңгиз Бөлтүрүк тергөө менен кызматташууга даяр»

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн аракетинде кылмыштын курамы жок. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Адвокаттын айтымында, шектүү жана анын жактоочулары бул иш боюнча чындыкты аныктоо үчүн тергөө менен жигердүү кызматташууга даяр жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинен тергөөнү өзгөчө көзөмөлгө алууну суранышат.

«Тышкы башкарууну киргизүү күнүнө карата — 2021-жылдын 17-майында — «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Кыргызстандын банктарындагы эсептеринде болгону 46 миң доллары калган. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинин үзгүлтүксүз иштешин жана бардык бөлүмдөрдүн туруктуу иштешин камсыз кылды. 1 миллиард сомго жакын материалдык чыгымды аныктаган Эсеп палатасынын алдын ала корутундусу менен юристтер да, Теңгиз Бөлтүрүк да тааныш эмес», — деди Кайсын Абакиров.