Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Бүгүн, 27-январда болжол менен таңкы саат 6 жарымда Жалал-Абад облусунда очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Анын очогу Кызыл-Жар айылынан 7 чакырым түндүк-чыгышта, Таш-Көмүр шаарынан 10 чакырым түштүк-батышта, Жалал-Абад шаарынан 85 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Жар айылында 2,5 баллга, Шамалды-Сай, Кудуксай, Жыл-Кол, Кум айылдарында жана Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин сезилген.