Жалал-Абадда тургундан опузалап 5 миң доллар талап кылган шектүү кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жергиликтүү тургунунан март айынын ортосунда 5 миң доллар коркутуу жолу менен талап кылышкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын март айынын ортосунда криминалдык түзүлүштөр тарабынан ишкердик субъекттерге коркутуулар болуп жаткандыгы жөнүндө ыкчам маалымат келген. Ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы жөнүндө кайрылуу келип түшкөндүгүнө байланыштуу, ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган иштер жүргүзүлгөн.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 203-беренесине (опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иштерине ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылган.

«Опузалап талап кылгандар жергиликтүү тургунга жолугушууну айткан. Алар айткан жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери барган. 21-мартта Аксы районунун аймагынан опузалап талап кылган акча каражатынан аз суммадагы 25 миң сомду алган жеринен шектүү кармалган. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочусу 1990-жылы туулган жаран экендиги аныкталды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Кармоо учурунда шектүүнүн автоунаасынан далил катары эсептелген акча каражаты табылып алынды. Опузалап талап кылуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.