Жалал-Абад облусунда курал жана ок-дарылар сакталган жашыруун жер табылды (сүрөт)

Бүгүн, 13-мартта УКМКнын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда курал-жарак жана ок сакталган жашыруун жер табылган.

Жашыруун жерден “Ф-1” кол гранатасы, 2 мергенчилик мылтыгы, ар кандай калибрдеги 40 ок жана бычак табылып алынган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 253-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз курал-жарак жана ок сакталган жашыруун жерге тиешеси бар жарандарды аныктап жатат.