Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери жаранды кыйноого алууга шектелүүдө

Жалал-Абад ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине карата иш тергелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз жаранына карата кыйноолорду колдонуу фактысы аныкталган. 12-ноябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы, ыкчам кызматкери, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын улук 2 кызматкери Жазык кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 320-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасаганды делүүдө.

Жыйынтыгында аталган адамдарга карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25-мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө.