Жалал-Абад, Оштогу селдин кесепеттерин жоюу үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жерине жөнөп кетти

Май айынын башында болгон жаан-чачындын кесепеттерин жоюу үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев түштүк аймакка жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Алай районунда табигый өзгөчө кырдаал катталгандыгына байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министринин шашылыш иш сапары жогоруда аталган сел жүргөн аймактарда болуп, селден кийинки калыбына келтирүү жана калк коопсуздугун камсыздоо боюнча болмокчу», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Жалал-Абад шаарындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматынан 392 жаран жана 42 техника тартылган. Ал эми Ош облусунда Жарандык коргонуу кызматынан 141 жаран жана 14 техника иштеп жатат.