Жалал-Абад шаарында көчөдөн интимдик кызмат көрсөткөн 2 кыз кармалды

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери атайын рейддик иш-чаранын алкагында Жалал-Абад шаарынын аймагында интимдик кызмат көрсөткөн жайларга рейд өткөрүштү.

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн биринде түнкүсүн интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн кыздар Ош облусунун тургуну У.Т. жана Бишкек шаарынын тургуну Т.М. кармалган. Бул факты Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, аларга карата керектүү кагадар толтурулуп, түшүнүк каттары алынды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Милиция мындан ары рейдди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, активисттер менен биргеликте алып барышмакчы. Шаардын аймагында түрдүү салондордун атын жамынып алып, кызмат көрсөткөн жайларды аныктоо максатында тынымсыз профилактикалык жана ыкчам иш-чараларды уланта бермекчи.