Жалал-Абад шаарындагы базарда өрт чыгып, контейнер толугу менен өрттөнүп кетти

Жалал-Абад шаарындагы «Береке» базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен базардын ичинде аянты 72 чарчы метр болгон тунуке менен жабылган азык-түлүк сатуучу дүкөн контейнер толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрт электр зымдарынан кыска туташуусунан чыккан. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган, өрт саат 12:37де курчоого алынып, саат 20:14тө толук өчүрүлдү.