Жалал-Абад шаарындагы мушташтын видеосу тарады. Милиция эмне дейт?

Социалдык тармактарда Жалал-Абадда болгон мушташтын видеосу тарады.

ИИМден мушташтын Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи районунда болгонун билдиришти. Бул факты каттоого алынып, андагы жарандар аныкталган. Ооруканага жана милицияга эч ким кайрылган эмес. Ошондой эле алар арыз жазуудан баш тартышкан.