Жалал-Абадда 10 баш бодо мал, 24 баш кой уурдоого шектүүлөр кармалды

Милиция кызматкерлери 10 баш бодо мал, 24 баш кой уурдаган шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак РИИБге Таш-Булак айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылып, 14-ноябрга караган түнү короосунда байланып турган 2 баш уюн жана 2 баш торпогун белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген. Ошондой эле, ошол эле райондун Ынтымак айылынын 66 жаштагы тургуну да арыз менен кайрылып, 22-ноябрга караган түнү короосунда камалып турган жеринен 24 баш коюн уурдап кетишкенин айткан. Ошондой эле, Сузак районунун Гулистан жана Жаңы-Арал айылынын тургундары да арызданышып, 2021-жылдын ноябрь айынан 2022-жылдын 5-январына чейинки аралыкта алардын бодо малдарын (4 баш уй жана 2 баш торпок) белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирип, аларга карата чара көрүп берүүнү суранган. Жалпысынан 10 баш бодо мал жана 24 баш кой уурдалып, жабырлануучуларга 600 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Кылмышка шектүү катары Сузак районунун 44 жаштагы тургуну жана Жалал-Абад шаарынын 19 жаштагы тургуну кармалып, 48 саатка Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок Сузак райондук соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, шектүүлөр үй камагына чыгарылган. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иштер жана сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.