Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен 14 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
8-ноябрь күнү саат 17:41де «102» кызматынан Кара-Суу айылындагы Нарын дарыясына Табылгыты айылынын жашоочусу 2007-жылы туулган кыз сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, 9-ноябрь күнү улантылган.
Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 16 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, Сары-Булуң айыл аймагынан 36 (6 адам ат менен) адам, туугандарынан 2 адам, жалпы 69 адам саат 08:28де жерине жетишип, Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыкта Нарын дарыясынын эки жак жээгинде 2 топко бөлүнүшүп издөө иштерин жүргүзүшкөн. Саат 10:45те кыздын жансыз денеси Сары-Булуң айыл аймагында, Нарын дарыясынан куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.