Ноокенде сайдан табылган жансыз дене 19 жаштагы кыз экендиги аныкталды. Ал киши колдуу болгон

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Кечээ, 8-ноябрь күнү Ноокен РИИБдин «102» кызматына ошол эле райондун тургуну телефон чалып, Масы айылындагы «Алаш» сайында 25-30 чамасында кыз кишинин жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган.

Окуя болгон Ноокен РИИБдин тергөө ыкчам тобу барышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулуп, РИИБге катталган. Жансыз денеге соттук-медициналык тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Алдын ала текшерүү иштери учурунда кыз киши колдуу болгондугу, маркум Базар-Коргон районунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталып, Жазык кодексинин 122-беренесинин негизинде (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.