Жалал-Абадда 2 жаран 10 килограммдан ашуун баӊгизат менен кармалды

Майлуу-Суу милициясы 10 килограммдан ашуун баӊги затын аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2 жаран мыйзамсыз баӊги затын сактап жүргөндүгү боюнча маалыматтар алынган. Бул фактылар Майлуу-Суу ШИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 282-283-беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын тургундары 1971 жана 1989-жылы туулган жарандар кармалып, алардан жалпы салмагы 10 килограммдан ашуун баӊгизат алынган. Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган зат марихуана экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар Майлуу-Суу ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.